Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:01

Тажикстандын түрмөсүнөн качкан адам Бишкекте кармалды


Тажикстан издеп жаткан Өзбекстан ислам кыймылынын өкүлү делген 25 жаштагы Низами Абиев 12-июлда Бишкекте кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Орусиянын жарандыгын алып жүргөн Абиевдин июль айынын башында Тажикстандын атайын кызматтарынан качып олтуруп, Орусияга өтүп кетүү үчүн кыргыз-тажик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөнү аныкталды. Натыйжада ага “чек араны мыйзамсыз кесип өткөн” деген айып тагылып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Низами Абиев былтыр август айында Тажикистандын түрмөсүнөн тартип коргоо кызматкерлерине кол салып качып кеткен 25 адамдын бири болуп саналат. Ага карата “киши өлтүрүү”, “кылмыштуу топторду уюштуруу”, “курал-жаракты уурдоо” өңдүү бир канча беренелер боюнча айыптар тагылган. (KKs)

XS
SM
MD
LG