Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 16:28

Египет: жогорку даражадагы жүздөгөн офицер кызматтан алынды


Египет бийлиги алты жүздөй жогорку даражадагы полиция кызматкерлерин иштен алды. Мындай чечимди Ички иштер министри Мансур эл-Иссави жарыялады.

Соңку эки күндөн бери Каирдин борборунда чогулган демонстранттардын башкы талаптарынын бири ушул эле.

Феврал айындагы экс-президент Хосни Мубаракты бийликтен кулаткан массалык толкундоолор маалында миңге чукул бейкүнөө адам өлтүрүлгөн.

Кызматтан алынган жогоку даражадгы офицерлердин кыркка чукулу демонстранттарды өлтүрүүгө айыпталышы мүмүкүн.

XS
SM
MD
LG