Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:52

7-апрель окуясы боюнча сотто чатак чыкты


Жаза аткаруу кызматынын көзөмөл департаментинин имаратында өтүп жаткан соттук териштирүү учурунда жабырлануучулар менен айыпталуучулар, алардын жактоочуларынын ортосунда чатак чыгып кетти. Жабырлануучулардын жактоочусу Осунбек Жамансариевдин «Азаттыкка» билдиргени боюнча, чатак көрсөтмө берип жаткан жабырлануучуга айыпталуучулардын жактоочусу суроо берген учурдан башталган. Кайым айтышуудан башталган чыр тараптардын суу куюлган бөтөлкөлөр, отургучтар менен атышуусуна чейин уланып, натыйжада бир киши ооруканага жеткирилди. Осунбек Жамансариев жабырлануучуларга кол көтөргөн айыпталуучулар Сергей Цигельников менен Канат Кадыровго чара көрүүсүн сурап, милицияга кайрыларын кошумчалады.
Сотко төрагалык кылып жаткан Дамир Оңолбеков кийинки соттук териштирүүгө катышуучулар тизме менен гана киргизилерин жана суу куюлган бөтөлкөлөрдү алып кирүүгө тыюу саларын билдирди.

7-апрель окуясы боюнча сот иши келерки дүйшөмбүдө уланат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG