Бул тууралуу Мамлекетик бажы кызматынын жетекчиси Кубанычбек Кулматов бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул жылы чогулган киреше башка жылдарга салыштырмалуу кыйла көптүк кылат. Былтыр ушул маалга карата 6 миллиард 474 миллион сомдук бажы төлөмү жыйналган. Кулматов жарым жылдагы кирешенин көбөйүшүн бажы тармагын башкаруунун жакшырышы менен түшүндүрүүдө.(KKs)