Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:05

Акылбек Сариев расмий түрдө кызматтан бошотулду


Мамлекет башчы Роза Отунбаеванын жардыгы менен Акылбек Сариев 2011-жылдын 4-июлунан баштап Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан бүгүн кабарлашты.

4-июлда Боршайкомдун парламент шайлаган жаңы курамы расмий отурумга чогулуп, төрага катары Туйгуналы Абдраимовду шайлашкан. Эртеси күнү БШКнын эски курамын жетектеп келген Акылбек Сариев кызмат ордун жаңы курамга бошотуп бергенин, бирок муну толук кызматтан чегинди деп айтууга болбостугун ачыктаган эле. (KKs)

XS
SM
MD
LG