Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:44

Кыргызстанда качкын макамын алган 190 киши бар


Бул тууралуу Эмгек, жумуштуулук жана миграция министрлигинин Качкындар менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси Базаркүл Керимбаева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бул качкындардын 90 пайызын Ооганстандан келгендер, калганын Ирандан, Сириядан, Кореядан келгендер түзөт.

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери 20 миңдей адамга качкын макамын берген. Алардын бир катары жарандык алып, бир бөлүгү башка өлкөлөргө, айрымдары өз өлкөлөрүнө жер которушкан. (KKs)

XS
SM
MD
LG