Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:55

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кызыл-Кыя” бекети ачылышы мүмкүн


“Кызыл-Кыя” бажы комплекси июлдун этегинде ачылышы мүмкүндүгүн Бажы кызматынан “Азаттыкка” кабарлашты. Маалыматка ылайык, бул багытта Өзбекстан тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Учурда бул өткөрмө бекеттин Кыргызстан тарабы ачык. Өзбекстан макулдугун берсе гана аталган бажы комплекси толук иштей баштайт.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кызыл-Кыя” бажы бекети былтыркы июнь окуяларынан кийин жабылган. Эки өлкө ортосундагы бир катар чек ара бекеттеринин жабылышынан Оштогу Кара-Суу базарынын товар айлануусу кескин төмөндөп кеткен болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG