Британияда медия-лөк Руперт Мөрдоктун "Ньюс оф зе Уорлд" гезитиндеги телефон тыңшоолор боюнча тергөөнүн жүрүшүндө буга чейин сегиз киши кармалган эле. Кечээ Мөрдоктун "Нью"с корпорациясы британиялык БиСкайБи сателлит сыналгы каналын сатып алуу ниетинен баш тарткан. Жаңжал "Ньюс Корп медия" империясы жайгашкан Кошмо Штаттарына да жайылып жатат.