Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:14

Укук коргоочулар: Эстемирова иши калыс тергелбей жатат


Орусиялык көз карандысыз иликтөөчүлөр укук коргоочу Наталья Эстемированын өлүмүн тергөө туура эмес жүрүп жатат деп, өз тыянактарын кылмыш ишине тиркөөнү бийликтен талап кылышты. Алардын айтымында, укук коргоочуну өлтүрдү деп айыпталып жаткан бир туугандар Анзор жана Алхазур Башаевдердин анализдери муну далилдеген жок.

"Мемориал" укук борборунун маалыматына караганда айыпталып жаткан биртуугандардын бири, Францияга качып кеткен Анзор Башаев анализин өз каалоосу менен берген, анын тыянагы Эстемированын кийиминен алынган ДНКга дал келген эмес.

"Мемориал" уюмунун өкүлү Наталья Эстемирова 2009-жылы 15-июлда Грозныйда уурдалып, сөөгү Ингушетияда табылган.

XS
SM
MD
LG