Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:41

АКШ сузактыктарды ильич шамы менен камсыз кылууга көмөктөшөт


АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришкендей, июнь коогалаңынан кийин элинин саны кескин арбыган Газпром, Социализм, Төш, Мундуз жана Жаңы-Чек айылдары үчүн 237 миң доллар өлчөмүндө грант бөлүнгөн. Бул каражат аталган айылдарды электр кубаты менен жетиштүү камсыздоого жумшалмакчы. АКШ өкмөтүнүн жардамын элчиликтин өкүлү бүгүн Сузак райондук администрациясына тапшырары кабарланды.

Аталган долбоор АКШнын өткөөл мезгилдеги демилгелер Программасы аркылуу колдоого алынып, 2010-жылы өз ишин баштаган. Бул программа чыр-чатак себептерин азайтууну жана жергиликтүү деңгээлде башкарууну жакшыртууну көздөйт деп маалымдайт АКШнын Кыргызстандагы элчилиги. (ZKo)

XS
SM
MD
LG