Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик БУУнун Коопсуздук Кеңешине Сириянын жабык аймагына Израил 2007-жылы урган абадан соккунун жыйынтыгын берди. Жабык жыйындан кийин Батыштын өкүлдөрү Сириянын жабык аймагында МАГАТЭнин каттоосуна кирбеген өзөктүк ракета бар экенин баяндама айкын далилдеп турат деп билдиришти. Кытай менен Орусия Сириянын жок кылынган объектисин Коопсуздук Кеңешинин кароосуна коюунун кажети жок деп билдиришти.