Бул тууралуу “Ысык-Көл кемечилиги” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Таалайбек Мукашев биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен Ысык-Көл облусундагы жолугушууда билдирди. Мукашевдин маалыматына ылайык, “Ысык-Көл кемечилиги” ишканасы Балыкчыдагы эки, Караколдогу бир порт аркылуу жүк ташуу менен алты ай ичинде 2 миллион 236 миң сомдой киреше тапкан.
Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, техникалардын эскилиги, оңдоп түзөө иштери үчүн каражаттын жетишсиздиги бул ишкананын негизги көйгөйү болуп саналат. Учурда аталган ишканада 54 кызматкер иштейт. (KKs)