Ысык-Көл облусунун Баят айылында журналисттер үчүн ислам динин чагылдыруу боюнча эки күндүк семинар башталды. Ага Кыргызстандагы 15теш ашык жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери, журналисттер катышууда. Муфтияттын өкүлдөрү жана теологдордон турган топ семинардын катышуучуларына ислам динин чагылдыруунун тартиби, террорчулукту динден айырмалоо багытында сабак өтүүдө.
Бул семинар Кыргызстан мусулмандар башкармалыгы жана Дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын демилгеси менен өткөрүлүүдө. Семинар 17-июлда жыйынтыкталат. (KKs)
Бул семинар Кыргызстан мусулмандар башкармалыгы жана Дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын демилгеси менен өткөрүлүүдө. Семинар 17-июлда жыйынтыкталат. (KKs)