Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:40

“Мен Ысык-Көлдү сүйөм” акциясы уланууда


Бул тууралуу акциянын демилгечиси, президент Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бүгүн кечке жуук кыргыз-казак чек арасындагы “Ак жол” бекетинде улана турган акцияда деп алыш күндөрү Ысык-Көлдө эс алган туристтерди узатуу иш-чарасы болот.

Чет өлкөлүк туристтерди көңүлүн Ысык-Көлгө буруу максатын көздөгөн бул акция жума күнү башталган. Бул демилгени Жогорку Кеңештин депутаты Ширин Айтматова жана интернеттеги социалдык тармактардын бир катар колдонуучулары колдоого алышкан.

Акциянын алкагында 15-20 чакты ыктыярчылар Казакстан аркылуу Кыргызстанга келген конокторду чек арадан тосуп алып, аларга Ысык-Көл тууралуу баракчаларды таркаткан. (KKs)

XS
SM
MD
LG