Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:46

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга интернет жөнүндө маалымат берилет


Кыргызстандагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга интернет жөнүндө маалымат берүүчү долбоор Бишкекте 25-июлда башталып, 31-июлга чейин созулат. “Доор медиа” коомдук фондусу тарабынан уюштурулуп жаткан бул иш-чарада балдарга интернеттин мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилип, андагы социалдык тармактарды колдонуу эрежелери жөнүндө тренингдер өткөрүлөт.

Долбоор мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын билимин өркүндөтүүгө багытталган. Бул иш чарага катышууну каалагандар “Доор медиа” коомдук фондусуна кайрылса болот.

Социалдык коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 22 миңден ашык мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүмдөр бар. (KKs)

XS
SM
MD
LG