Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:57

Ооганстанда НАТОнун коопсуздук милдеттерин тапшыруу башталды


НАТО баштаган эл аралык күчтөр бүгүн коопсуздукту камсыздоону ооган полициясы менен армиясына расмий өткөрө баштады. Борбордук Бамян дубанындагы полиция бекетиндеги салтанат алдын-ала кабарланган жок, ага чет элдик аскерлердин чыгарылышын талап кылып келген президент Хамид Карзай катышкан жок. Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы 2014-жылы бүтө турган аскер чыгаруу жараянынын башталышын көрмөксөнгө салуу аракети болуп жатат деген ырастоону четке какты. Бүгүн кабарлангандай, Гелманд дубанында ишемби күнү бир британ аскери окко учкан. Ушул эле күнү Нангахар дубанында бош калган мектепке жашынгандар менен атышта аз дегенде 10 талип козголоңчу каза тапты.

XS
SM
MD
LG