Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:33

Балдарды оор ишке чегерүү керекпи?


Базарда иштеген балдар
Базарда иштеген балдар

Кыргызстандын шаарлары болсун, айылдары болсун, ар кандай иштерге чегерилген өспүрүмдөрдү, кала берсе тестиерлерди кадам сайын кездештирүүгө болот. Айрыкча жайкы каникулда эртеден кечке шыргалаң суу менен машина жууган, аптапта пахта талаасында иштеген, оор араба түрткөн балдар саны кескин артып кетет.

Кыргызстан балдардын укугун коргоо боюнча Эл аралык конвенцияга кол койгон, ага ылайык балдардын эмгегин эксплуатациялоого жол берилбейт. Ага карабастан, оор турмуш айынан өспүрүмдөр менен тестиерлер чоң кишилер жасаган иштерге салынып, акча табууга аргасыз. Эмесе, ушул апта бою "Балдарды оор ишке чегерүү керекпи?" деген талкууга чакырабыз.
XS
SM
MD
LG