Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:38

Араванда кырдаал турукташты


Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Талантбек Шатманов Араванда жүргөн “Азаттыктын” кабарчысына билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ Араван районунун борборундагы мөмө-жемиш базарынын алдында өзбек улутундагы таксист менен кыргыз улутундагы таксисттин ортосунда машина токтотуудан улам чатак чыккан. Эки адам уруша кетип, андан Исмайил Таабалдиев аттуу таксист жабыркап ооруканага жаткырылган.

Бүгүн жабыр тарткан таксисттин жакындары чогулуп, райондук акимиаттын алдында нааразылыгын билдиришкен жана окуя боюнча чара көрүүнү талап кылышкан. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, бүгүн 30-40тай адам чогулган. Алар учурда таркап кетишти. Азыр окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

Аймактагы коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Араван районуна Ош облустук ички иштер башкармалыгынан 100 кошумча кызматкери алынып келди.

Ички иштер башкармалыгы айрым интернет булактарынын Араванда 500дөй адам чогулуп, базарда тополоң болду деген маалыматтары чындыкка коошпой турганын билдирүүдө. Араван районунун акими Пайзилла Мырзабарамов да базарда эч кандай тополоң болбогонун, кырдаар көзөмөлдө экендигин буга чейин билдирген.

Аймакта жүргөн “Азаттыктын” кабарчысы Эрнист Нурматов учурда Араванда чогулган эл жок экенин, базарда талкаланган нерселерди көрө албаганын кабарлады. (KKs)

XS
SM
MD
LG