Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:33

Нелсон Мандела 93 жашка чыкты


Түштүк Африка мурдагы президент, Нобел Тынчтык сыйлыгынын ээси Нелсон Манделанын туулган күнүн белгилөөдө.

“Нелсон Мандела” кайрымдуулук кору бул күнү Түштүк Африканын жарандарын 67 мүнөт бекер иштөөгө чакырды. Мандела өмүрүнүн 67 жылын саясий апартеид менен күрөшүүгө арнаган, 30 жыл абакта отурган.
12 миллион мектеп балдары Манедланын туулган күнүнө атайын жазылган ырды бир маалда ырдашты.

2004-жылы Мандела саламаттыгына байланыштуу эс алууга кетип, азыр коомчулук менен сейрек кездешет. Эркиндиктин күжүрмөн жактоочусу бүгүнкү туулган күнүн үй бүлөсү менен тозот.

XS
SM
MD
LG