Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:29

Тогуз-Тородо 100 гектар куураган чөп аянты күйүп кетти


Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Өрт Тогуз-Торо районундагы Казарман - Ак-Талчат - Нарын автожолунун 60 километринде кечээ түштөн кийин башталган. Өрт коопсуздугу кызматкерлери менен жергиликтүү 65 тургун өрттү кечки саат он жарымга чукул гана толук өчүрүп бүтүшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, өрт тамеки чегүүдөгү этиятсыздыктан келип чыккан. Кырсыктан адам өмүрүнө зыян келип, турак-жайлар жабыркаган учур катталган жок. (KKs)

XS
SM
MD
LG