Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:44

Укук коргоочулар апрель сотунда коопсуздукту сактоого үндөөдө


Бүгүн Укук коргоочулар кеңеши 7-апрель окуялары боюнча соттук жараянда жактоочуларга күч колдонулганын айтышып, бийлик соттук жараяндын коопсуздугун сактай албай жатканын сындап чыгышты.

Алар 13-июлда болгон соттук жараяндагы карама-каршылыктардан айыпталуучу Сергей Цигельниковдун жаракат алганын жана өткөн апта аягында айыпталуучулардын кызыкчылыгын коргогон жактоочу Икрамидин Айткуловдун автоунаасынын өрттөлүшүн жүйөө кармап жатышат. Мындан тышкары укук коргоочулар прокурорлордун жүрүм-турумдарын да сынга алышууда.

Буга чейин “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борбору жана Аскер кызматкерлеринин укугун коргоо комитети да ушундай өңүттөгү билдирүүлөрүн таркаткан.

Ал эми Ички иштер министрлиги жана Жогорку Сот соттук жараянга коопсуздук сактоо үчүн жетиштүү кызматкерлер тартылганын кабарлаган.

Апрель окуялары боюнча соттук иш 20-июлда кайра уланат. (KKs)

XS
SM
MD
LG