Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:21

“Гүлазык” менен бардык облустар камсыз кылынат


Адамдын организминде темирдин жетишсиздигин алдын ала "Гүлазык" азыгы менен эми Кыргызстандын бардык облустары камсыз болот. Бул тууралуу “Сорос-Кыргызстандын” “Коомдук ден соолук” программасынын жетекчиси Айбек Муканбетов “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, Талас облусунда буга чейин ишке ашырылган пилоттук долбоор “Гүлазыктын” пайдалуу экендигин көрсөткөн. Талас аймагында бул азыкты тамак кошуп берүү менен каны аз балдардын саны 25 пайызга чейин кыскарган. Мындан улам Саламаттыкты сактоо министрлиги бул азык менен республиканын бардык облустарын камсыз кылуу чечими кабыл алынды.

Маалыматка ылайык, тамакка кошулма катары колдонула турган “Гүлазык” азыгы Индияда жасалат. Алты айдан 2 жашка чейинки ар бир ымыркайга 270 баштыкча акысыз берилет. Бул азык 18 айга жетет.

Буга чейин ЮНИСЕФ менен Дүйнөлүк банк Кыргызстанда беш жашка чейинки балдар арасындагы өлүмдүн 22 пайызы тамак-аш жетишсиздигинен келип чыгаарын билдирген. (KKs)

XS
SM
MD
LG