МАИ кызматкерлеринин ишмердиги тууралуу мыйзамга киргизилген өзгөртүүгө ылайык жол коопсуздугуна көзөмөл кылууда мамлекеттик автоинспекциянын кызматкерлери кызматтык автоунааны, мотоциклди гана колдонууга же автоунаасыз иштөөгө тийиш. Жеке автоунаасын колдонууга тыюу салынат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. (ZKo)