Адам укугун коргоочулардын айтымында, жекшембиден бери өлкөнүн Хомс шаарындагы тополоңдордо жалпысынан 33 адам көз жумган. Баш калаа Дамаскиден 165 чакырымдай түндүгүрөөктө жайгашкан бул шаарда эки ай мурда президент Башар ал-Ассадга каршы ири демонстрациялар башталганда, өкмөттүк аскерлер танкалар менен кирип, шаарды курчоого алышкан эле.