Бул тууралуу “Азаттыкка” Чукул кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматкери Абдишарип Бекилов билдирди. Анын айтымында, учурда Баткен облусунун жер титирөө болгон аймактарында беш атайын топ иликтөө жүргүзүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча чоң кыйроолор каттала да элек. Электр энергиясы үзгүлтүккө учураган айылдарда калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.
Маалыматка ылайык, зилзала катталган Баткен аймагына чукул кырдаалдар министри Болотбек Борбиев жөнөп кетти.
19-июлдан 20-июлга оогон түнү саат 1:35те Баткен аймагында жер титирөө катталып, анын очогу облустагы Совет айыл округунда 7-8 баллга жетти. Айдаркен шаарчасында 7 балл, Баткен шаарында 6 балл, Кызыл-Кыя, Ноокат шаарларында 5,5 балл, Ош шаарында 5 баллды түздү. Жалал-Абат облусунун Таш-Көмүр шаарында 3-4 балл, Бишкекте 2-3 баллдык күчү байкалды. Силкинүү ошол эле түнү саат 2:46 жогорку аймактарда кайталанып, Совет айыл округунда 2 баллды түздү. (KKs)