7-апрель окуялары боюнча бүгүнкү соттук отурумда Улуттук коопсузук комитетинин ички медицина кызматынын жетекчиси Нияз Алдашев жана соттук медициналык экспертиза бөлүмүнүн башчысы Асипа Ибраева көрсөтмө беришип, мурдагы коргоо министри Бактыбек Калыевдин ден соолугу коркунучта экенин белгилешти. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку Соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Адистер Калыев үчүн УКМКнын убактылуу камагында ылайыктуу шарттардын жоктугун белгилешти. Мурдагы коргоо министри Бактыбек Калыев диабет, үчүнчү даражадагы гипертония менен ооруганы кабарланууда.
Буга чейин Жогорку Кеңештин алтымыштай депутаты жана Калыевдин адвокаты айыпталуучунун баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүүнү өтүнгөнү кабарланган. Эми анын үй камагына чыгып чыкпаарын ишти судья Дамир Оңолбеков чечмекчи.
Апрель окуялары боюнча кийинки соттук отурум 25-июлда уланат. Бул соттук жараянда былтыркы 7-апрель окуяларындагы ок атууларга жана мурдагы бийлик тушундагы мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар делген 28 адамга айып тагылууда. (KKs)