Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

Түрк жараны Али Осман Зор ачкачылык акциясын улантууда


Бул тууралуу анын таламын талашып келаткан “Таза дин” кыймылынын өкүлү Сабыржан Мамбетов бүгүн АКИпресс агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Түркиянын өтүнүчү менен "террорчул кыймылдын өкүлү" деп Кыргызстанда кармалган Али Осман Зор мыйзамсыз камакта отурганын айтып, мындан улам ачкачылык жарыялоодо.

Сабыржан Мамбетов Кыргызстан эл аралык мыйзамдарга ылайык, башка өлкө жаранын 40 күндөн ашык кармаганга укугу жоктугун билдирүүдө.

УКМК террористтик уюмдун мүчөсү деп шектелип жаткан түркиялык жаран Али Осман Зорду майдын башында камакка алган. “Ал-Кайида” уюму менен байланышта деп айыпталган, өз өлкөсүндө издөөдө жүргөн Али Осман Зор былтыр жайында Кыргызстандан саясий башпаанек сурап кайрылган. УКМК Зордун ачкачылык жарыялаганын тастыктай элек. (KKs)

XS
SM
MD
LG