Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:30

Акча өндүрдү делген милициялар 14 жылга эркинен ажыратылды


Биринчи май райондук соту Ички иштер министрлигинин Кылмышкерлерди издөө башкы башкармалыгынын эки кызматкери: Акимали Турдалиев менен Жолдошбек Иманалиевди 14 жылга эркинен ажыратты. Алар өткөн жылдын ноябрь айында Бекназар Капаров аттуу адамдын 215 миң доллар өлчөмүндөгү мүлкүн опузалап тартып алган деп күнөөлөнүп жаткан. Жабырлануучунун жактоочусу Жумабек Арстановдун “Азаттыкка” билдиришинче, бул соттук иш 19-июлда болуп өттү.

Ал эми милиция кызматкерлеринин жактоочусу Токтогул Абдыев болсо, соттун бул өкүмүнө макул эместигин, жогорку инстанцияга кайрыла турганын билдирүүдө. Эркинен ажыратылган милициялар Бекназар Капаровдон акча өндүрүшпөгөнүн буга чейин билдиришкен. (KKs)

XS
SM
MD
LG