Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:05

Атамбаев Путин менен күйүүчү май боюнча сүйлөштү


Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты. 20-июлда болгон бул жолугушууда күйүүчү майды Кыргызстанга үзгүлтүксүз берүү маселеси менен бирге эки тараптуу кызматташтык да талкууланды. Бул жолугушуу кандай жыйынтык бергени кабарланган жок.

1-июлдан тарта Кыргызстанды күйүүчү май менен камсыз кылып турган Орусиянын Омск мунай иштетүүчү компаниясы Бажы биримдигине кирбеген өлкөлөргө күйүүчү май берүүнү токтоткон. Буга Орусиянын өзүндөгү жана Казакстандагы май тартыштыгы себеп болгон. Бул себептен Кыргызстанда бензиндин айрым түрлөрүнө 15-20 литрдик чектөө киргизилген. Бишкекте акыркы күндөрү бензиндин баасы 42 сомго чейин көтөрүлүп кеткен. (KKs)

XS
SM
MD
LG