Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:31

Зилзаладан Кызыл-Кыя шаарында 69 турак-жай жабыркады


Бул тууралуу Чукул кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматкери Абдишарип Бекилов “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, учурда Кызыл-Кыядагы бул турак-жайларга канчалык деңгээлде зыян келип, канча үй авариялык абалда экендигин министрликтин мониторинг департаменти иликтеп жатат.

Жер титирөө катталган Баткен аймагын Чукул кырдаалдар министри Болотбек Борбиев кыдырып жүрөт. Мындан тышкары төрт топ текшерүү иштерин жүргүзүп жатышат. Алардын иликтөөсүнүн жыйынтыгы менен зыян келген турак-жайлардын саны өсүшү мүмкүн.

Бүгүн эртең мененки маалыматтар боюнча, 20-июлдун түнү болгон жер титирөөдөн Баткен жана Ош облустарында 56 социалдык-маданий имарат жана 687 турак-жайга зыян келгени аныкталган болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG