Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:30

Бензинге чектөө эртең алынат деп жатышат


Бул тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Жумакадыр Акенеев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бүгүн (21-июлда) таң менен Кыргызстанга 500 тонна бензин келди. Алдыңкы түнү дагы 1000 тонна келип түшөт.

Натыйжада эртең бензиндин АИ92 жана АИ95 үлгүлөрүнө коюлган чектөөнү толугу менен алып салуу пландалып жатат. Бүгүн Кыргызстанда бензинге болгон чектөө бир адам үчүн 10 литрден 20 литрге көбөйтүлдү.

Маалыматка ылайык, Орусиянын үч шаарынан алдыңкы төрт күн ичинде 5000 тонна, он күндөн кийин 2500 тонна келет. Бул бензиндер Кыргызстанды сентябрь айына чейин камсыз кылууга жетет.

1-июлда Орусиянын Омск мунай иштетүүчү компаниясы Бажы биримдигине кирбеген өлкөлөргө күйүүчү май берүүнү токтоткон. Мындан улам Кыргызстанда бензиндин кээ бир түрлөрүнө 10 литрге чейин чектөө киргизилген болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG