Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:16

Еврозонанын лидерлери Грецияга жардам боюнча мунаса табышты


Брюсселдеги кечээги чукул жыйында Грецияга кризистен чыгууга жардамдын экинчи пакетинин алкагында 109 млрд. евро бериле турган болду. Андан сырткары, банктар менен жеке инвесторлор жардамга 50 млрд. евро кошушат.

Саммиттин катышуучулары Еврозонадагы стабилдүүлүктү сактоо боюнча бир топ маанилүү чечимдерди кабыл ала алышты. Евробиримдиктин президенти Херман Ван Рөмпөй: “Көрүлгөн аракеттер кризис башка өлкөлөргө жайылып кетпеши үчүн жетиштүү болот”, - деди.

Ал эми Еврокомиссиянын президенти Хосе Мануэл Баррозу бул жолу кризиске каршы күрөшкө жеке менчик секторунун да кошулганын мактады. "Кризис башталгандан бери алгачкы жолу саясатчылар менен рынок биргеликте экенин көрдүк", – деди Баррозу.

XS
SM
MD
LG