Хомс шаарындагы тополоңдо дагы ондогон киши жаракат алганы кабарланды. Жергиликтүү мечиттен жарадар болгондорго кан тапшырууга чакырыктар айтылып жатты. Соңку төрт айдан бери бул өлкөдө президент Башар ал-Ассадга каршы ири наарзылык демонстрациялары өтүп келатат. Адам укугун коргоочулар өткөн ишембиден бери Хомс шарындагы тополоңдо аскерлер 50 жакын адамды өлтүрүшкөнүн айтышууда.