Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:25

Көлбаев 3-өлкөнүн көмөгү менен экстрадицияланышы мүмкүн


Бул тууралуу ички иштер министри Зарылбек Рысалиев бүгүн журналисттерге билдирди. Анын айтымында, Бириккен Араб Эмиратында кармалган Камчы Көлбаев, Алманбет Анапияев жана Адилет Касеновду Кыргызстанга түз алып келүүгө мүмкүнчүлүк жок. Себеби Кыргызстан менен БАЭ ортосундагы бул багытта макулдашуу түзүлгөн эмес. Мындан улам кылмышкер делген бул адамдарды БАЭ менен келишими бар үчүнчү өлкөлөрдүн кийлигишүүсү менен гана алып келүү мүмкүн.

Министр берген маалымат боюнча, Кыргызстанда кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү делген Камчы Көлбаев, Алманбет Анапияев жана Адилет Касенов Бириккен Араб Эмиратында "зергер буюмдар дүкөнүн тоноду" деген шек менен кармалган. (KKs)

XS
SM
MD
LG