Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:53

Грекия Евробиримдиктин чечимин кубатады


Грекиянын каржы министри Евробиримдиктин жардамдын экинчи траншын берүү чечимин кубаттады. Эвангелос Венизелос экономикалык кризиске баткан өлкө үчүн бул чоң көмөк болмокчу деп, – бюджеттик сарптоолорду кыскартуу максатында көрүлүп жаткан чаралар улантылаарына ишендирди.

Кечээ евро мейкиндикке кирген өлкөлөр жана Эл аралык валюта фонду Брюсселдеги чукул саммитте Грекияга 109 миллиард евро жардам берүү жөнүндө макулдашышкан. Грек экономикасын куткарууга ошондой эле банктар, менчик сектор 50 миллиард евро кошумча каражат беришмекчи.

Чечим жөнүндө белгилүү болгондон кийин Европанын жана Азиянын биржаларындагы көрсөткүчтөр өсүп, евронун баасы көтөрүлдү.

XS
SM
MD
LG