Хорватиялык сербдердин мурдагы лидери Горан Хажич БУУнун Гаагадагы трибуналына алынып кетти. Бул тууралуу Сербиянын юстиция министри Снежана Малович билдирди.
Экс-Югославиядагы согуш кылмыштары үчүн изделип жүргөн Хажичке Гаагага жөнөтүлөөрдүн алдында Новый Сад шаарчасында энеси, башка жакындары менен учурашып кетүүгө уруксат берилген. Аны полиция коштоп жүрдү.
Министр Малович Хажичти трибуналга өткөрүү үчүн бүгүн экстрадиция жөнүндөгү буйрукка кол койгонун бышыктады.
Хажич 1991-95-жылдары жасаган кылмыштар үчүн 14 пункт боюнча айыпталып жатат. Ага Вуковар шаарында 200 хорват туткунду кырган, калааны бүлүндүгө учураткан деген кине тагылууда. Хажич 20-июлда Белграддан алыс эмес жерде кармалган.