Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:48

БШКда аймактык шайлоокомдорду түзүү боюнча чүчү кулак уланууда


Борбордук шайлоо комиссиясында аймактык шайлоо комиссияларын түзүү үчүн арыз берген саясий партиялардын арасында чүчү кулак уланып жатканын “Азаттыкка” БШК мүчөсү Жаркын Бапанова билдирди. Маалыматка ылайык, аймактык шайлоо комиссияларына мүчөлөрүн киргизүү арызы менен 27ге чукул саясий партия кайрылууда.

Президенттик шайлоо үчүн жалпы 58 аймактык шайлоо комиссиясы түзүлгөн. Ар бир аймактык комиссия 12 кишиден туруп, алардын жарымы саясий партиялардан көрсөтүлүүгө тийиш. Бир аймактык шайлоо комиссиясына алтыдан көп партиядан талапкер көрсөтүлсө, алты адам кагаз кармоо жолу менен тандалат. Аймактык шайлоо комиссиялары 25-июлга чейин куралып бүтүшү керек. (KKs)

XS
SM
MD
LG