Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:05

Зилзаладан кийин Баткен жана Ошто 782 объект авариялык абалда


Бул тууралуу “Азаттыкка” Чукул кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматкери Абдишарип Бекилов билдирди. Маалыматка ылайык, 20-июлда болгон жер титирөөдөн кийин Баткен облусу боюнча 2900 турак-үй изилденип, анын ичинен 577 турак-жай авариялык абалда экендиги, 709 турак-жай орто бузулганы, 1614 турак-жай майда бузулууларга дуушар болгону аныкталды. Мындан тышкары 148 социалдык объект изилденип, анын ичинен 24ү авариялык абалда экендиги такталды.

Ал эми Ош облусу боюнча жалпы 1000ден ашык турак-жай, социалдык-маданий объекттер иликтенип, жыйынтыгында 181 имарат авариялык абалга келгени белгилүү болду. Учурда жарандык коргонуу комиссиялары аймакта иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат.

20-июлда болгон жер титирөөнүн күчү очогунда 7-8 баллга жеткен. (KKs)

XS
SM
MD
LG