Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:23

Ысык-Көлдөгү Мерцбахер текшерүүгө алынууда


Чукул кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, Ысык-Көлдөгү Сары-Жаз жайлоосунда жайгашкан Мерцбахер көлүн текшерүү үчүн атайын топ жөнөп кетти. Министрликтин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын өкүлдөрү, Ак-Суу райондук акимчилигинин кызматкерлери көлдүн ташып кетүү деңгээлин иликтешет.

Чукул кырдаалдар министрлиги, Ысык-Көл облусунун Аксуу районундагы Эңилчек айылдык округуна караштуу Сары-Жаз жайлоосунда деңиз деңгээлинен 3300 метр бийиктикте жайгашкан Мерцбахер көлү 2011-жылдын 23-июлу күнү толуп, ташып кетүү коркунучу бар экендигин эскертүүдө.

Мындан улам министрлик аталган аймакта жашаган жарандарды, жайлоодогу чабандар менен малчыларды, ошол багытта жүргөн туристтер менен альпинисттерди сак болууга чакырат. Ошол эле учурда дүрбөлөңгө түшүүнүн да зарылдыгы жоктугун, бул жыл сайын кайталанып туруучу көрүнүш экендигин, бирок бул жылы суунун көлөмү жогору болуп жатканын эскертет. (KKs)

XS
SM
MD
LG