Британиялык ырчы Эми Уайнхаустун сөөгү өз үйүнөн табылды. Анын өлүмүнүн себептери жөнүндө маалымат жок. 2006-жылы ырдап чыккан «Калыбына келтирүү» аттуу алкоголь ичимдиктерине жана баңгичиликке каршы ыры дүйнөлүк эстранын хитине айланган. 27 жаштагы белгилүү ырчы алкоголь ичимдигинен жана баңгичиликтен жабыркап келгендигин маалымат каражаттары жазып жатышат.