Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:08

Кургакчылыктан жапа тарткан Сомалиге гумжардам жеткирилди


Эл аралык Кызыл чырым уюму Сомалинин түштүгүндөгү козголоңчулар көзөмөлдөгөн аймактарда 400 тонна азык-түлүк абадан ташталганын бышыктады. Кызыл Чырымдын маалымат катчысы Ивес Ван Ло анын уюму исламчыл ал-Шебаб кыймылы көзөмөлдөгөн аймакка 2009-жылдан бери биринчи жолу гумжардам берилгенин, алдыдагы күндөрү дагы жардам пакеттери учактан ыргытылаарын маалымдады. БУУнун өкүлдөрү соңку 60 жылдан берки эң катаал кургакчылык акыркы бир нече айда он миңдеген кишинин өмүрүн алып кеткендигин айтышууда. Каатчылык Жибути, Ефиопия, Кения, Судан, Уганданы да каптады. Бириккен Улуттар уюму Африканын Мүйүзү аталган бул аймакта 12 миллион киши ачарчылыкка туш келиши мүмкүн деп эскертүүдө. Бириккен Улуттар уюму бул өлкөдө түзүлгөн оор кырдаал боюнча чукул жыйын өткөргөнү жатат.

XS
SM
MD
LG