Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:53

26-июлда жаан-чачын болбойт


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиргени боюнча, 26-июлда Кыргызстандын аймагында дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде гана өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 28…33, Талас облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 24…29, Баткен облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 30…35, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 30…35, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29, Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 24…29 градус жылуу. Тоолордо түнкүсүн -3…+2 градус, күндүз 11…16 градус жылуу болору күтүлүүдө.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 30…32 градус жылуу болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG