Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Ак үй мамлекеттер аралык уюшкан кылмыштуулук менен күрөштүн стратегиясын жарыялады


Бул чаранын негизинде мурдагы СССРдин аймагындагы, Жапония, Мексика, Кытайдагы уюшкан кылмыштуу топторго санкция киргизилди. Бул демилге мындай топтордун финансылык дареметин кетирип, кылмыштуу уюшмаларды сот жообуна тартууда жана өлкөлөр ортосунда чалгын маалыматтар менен алмашууну жакшыртууда АКШнын мыйзамдарын азыркыдан жемиштүү пайдаланууну максат кылат. Жаңы стратегияны Вашингтондо Президент Обаманын анти-терроризм жана ички коопсуздук боюнча кеңешчиси Жонн Бреннан жарыялады. Ал акыркы жылдары өзгөчө кулач жайган кылмыштуу уюшмалардын ишмердүүлүгүнүн кескин күч алганын мындайча белгиледи:

- Акыркы 15 жылда мамлекеттер ортосундагы криминалдык тармактар жаңы жана күчтүү биримдиктерди түзүшүп, мамлекеттерди жана дүйнө элдерин бейстабилдештирүүчү мыйзамсыз аракеттердин болуп көрбөгөндөй көп түрлөрү менен алектенип келатышат.

Мамлекеттер аралык кылмыштуу топтор адам соодасынан, баңги аткезчилигинен, кибернетикалык кылмыштардан жана башка мыйзамсыз аракеттерден жыл сайын миллиарддаган доллар пайда көрөт. АКШ быйыл Кыргызстандын жараны Камчыбек Көлбаевди баңги аткезчилеринин кара тизмесине киргизген эле. Көлбаев өткөн жумада Бириккен Араб Эмираттарында камакка алынганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG