Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:51

Обама карыздын чегине байланышкан талаш боюнча мунасага чакырды


АКШнын президенти Барак Обама өлкөнүн карызын төлөй албай калышына жол бербөөгө байланышкан америкалык мыйзамгерлердин ортосундагы талаш боюнча сыналгыдан сүйлөдү. Обама талкуунун туңгуюкка кептелиши үчүн чыгымдарды азайтууну гана колдогон Республикачыл партиянын өкүлдөрүн күнөөлөдү. Обаманын демократиялык партиясынан шайланган конгрессмендер менен оппозициядагы республикачылар кечээ АКШнын карыз чегин көтөрүп, бюжеттин тартыштыгын азайтуу боюнча мунасага келе алышкан эмес. Эгер 14.3 триллион доллардык чекти көтөрүү тууралуу макулдашуу 2-августка чейин жетишилбесе, АКШ карыздары боюнча үстөк пайыздарын төлөөгө каражатсыз калмакчы. Бул өз кезегинде глобалдык экономикага кайрадан будуң-чаң салышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG