Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 20 жылдык мааракесин жана Курманжан Датка жылын белгилөө боюнча иш-чаралардын планы иштелип чыкты. Бул тууралуу бул мааракелерди өткөрүү үчүн түзүлгөн мамлекеттик дирекциядан “Азаттыкка” билдиришти.
Маалыматка ылайык, 30-августта Бишкектеги Улуттук филармонияда майрамдык жыйын өткөрүлөт. Ал эми 31-август республика боюнча салатанаттуу жүрүш, концерттик программалар, оюн-зооктор менен коштолот. Мындан тышкары август ичинде өрөөндөрдө улуттук оюндардын мелдештери өткөрүлмөкчү.
Эгемендик күнү менен Курманжан Датка жылын белгилөөгө 30 млн. сом бөлүнгөн. (KKs)