Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:45

Маалымат агенттиктери бийлик өкүлдөрү менен БШКга кайрылды


Каттоодон өтпөй калган жергиликтүү маалымат агенттиктери өлкө президенти, премьер-министри, спикер жана БШК төрагасына ачык катын жолдошту. “24.kg” агенттигинен “Азаттыкка” билдиришкендей, бул кайрылууга Кыргызстандагы дээрлик бардык маалымат агенттиктеринин жетекчилери кол коюшту.

Кайрылууда маалымат агенттиктери интернет колдонуучулар үчүн негизги маалымат булагы экендиги белгиленип, аларды каттоодон өткөрбөй коюу менен коомчулук маалыматтан өксүп калып жатканы жазылган. Мындан улам агенттиктер БШКга кабыл алган чечимин кайра кароо өтүнүчүн билдиришкен.

21-июлда БШК гезит, телерадиолорду каттоодон өткөрүп, маалымат агенттиктерине үгүт иштерине катышуу мүмкүнчүлүгүн берген эмес. Бул жагдай интернет булактары жалпыга маалымдоо каражаттары деп мыйзамда жазылбаганы менен түшүндүрүлгөн. (KKs)

XS
SM
MD
LG