Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:27

27-июлда жаан-чачын күтүлбөйт


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиргени боюнча, 27-июлда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге, Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 10-14 метрге жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35, Талас облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 27…32, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29 градус, Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 27…32 градус жылуу. Тоолордо түнкүсүн 0…-5 градус, күндүз 9…14 градус жылуу болору күтүлүүдө.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 32…34 градус (даража) жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG