"Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков Түркияга кетти" деген айрым маалыматтарды спикердин коомдук кеңешчиси Тимур Муратов четке какты. Анын айтымында, учурда спикер Кыргызстандын аймагында эле иштеп жатат:
“Менде болгон маалыматтар боюнча, спикер үйүндө иштеп жатат. Жумушта жок. Азыр каникул убагы. Мен коомдук кеңешчиси катары ушуну жооп бере алам”,-деди Муратов.
Буга чейин айрым маалымат булактары спикер Келдибеков Түркиянын Стамбул шаарына учуп кеткенин, андан ары Араб Эмираттарына барарын жазып чыгышкан. Мындай маалыматтарга спикер өзү эч кандай комментарий бере элек.
21-июлда Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында эл аралык издөөдө жүргөн кылмыш дүйнөсүнүн төбөлдөрү делген Камчы Көлбаев менен Алмамбет Анапияевдин кармалганы кабарланган. (КЕ/KKs)