Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:25

“Интернет эрөөлдө” Бишкек мэри Иса Өмүркулов болду


Кыргызстандын ордо шаары Бишкектин акими Иса Өмүркулов 2011-жылдын 28-июлунда интернеттеги 2 сааттык “Интернет эрөөл” түз жыйынында окурмандардын суроолоруна жооп узатып жаткан учур. “Азаттык” үналгысы. 28.7.11.
Кыргызстандын ордо шаары Бишкектин акими Иса Өмүркулов 2011-жылдын 28-июлунда интернеттеги 2 сааттык “Интернет эрөөл” түз жыйынында окурмандардын суроолоруна жооп узатып жаткан учур. “Азаттык” үналгысы. 28.7.11.

Окурмандарыбыз менен түз баарлашууга бул жолу Бишкек шаарынын башчысы Иса Өмүркулов келди. Түз жыйын 28-июлда Бишкек убакыты боюнча саат 17ге чейин өттү.

Коногубузга ордо калаанын инфраструктурасы, социалдык-экономикалык абалы, шаардын өсүп-өнүгүүсү, көйгөйлөрү тууралуу жана башка суроолор түштү.

Бишкек шаар акими Иса Өмүркулов
Жалпы эрежебизге сыйбаган суроолор жана пикирлер дээрлик түшкөн жок.

Орус тилинде түшкөн айрым суроолорго Бишкек шаар акиминин жообун окуйм десеңиз, бул шилтемени ачыңыз.

"Азаттык" үналгысынын "Интернет эрөөл" деп аталган түз жыйынына буга чейин Өмүрбек Текебаев, Феликс Кулов, Айгүл Рыскулова, Мелис Турганбаев, Азимбек Бекназаров, Адахан Мадумаров, Эмилбек Каптагаев, Марат Султанов, Өмүрбек Суваналиев, Камчыбек Ташиев сыяктуу коомдук ишмерлер, мамлекет кызматкерлери жана саясатчылар, кинорежиссер Нурбек Эген конок болушкан.



"Интернет эрөөлдө" - Иса Өмүркулов
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:30 0:00
XS
SM
MD
LG