Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:43

"Вашингтон пост": 60 орусиялыкты АКШ киргизбейт


Юрист Сергей Магнитскийдин өлүмүнө тиешелүү саналган Орусия жарандарынын АКШга киришине мамлекеттик департамент тыюу салды. Бул тууралуу АКШнын дипломатиялык булактарына таянып, "Вашингтон пост" гезити жазды.

Расмий тастыкталбаган бул маалыматка караганда, АКШ сенаты Магнитский ишине тиешеси бар 60 тартип коргоо кызматкерине тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоору иштелип жатат. Салык жашырды деген негиз менен камалган Hermitage Capital фондунун юристи Сергей Магнитский 2009-жылы тергөө абагында мерт болгон. Ага байланыштуу жакында милициянын жоон топ кызматкерине каршы кылмыш иши козголгон.

XS
SM
MD
LG